Жаңылыктар
"Батукаевдин иши боюнча" сот процесси
Кыргызстан жаңылыктары
"Батукаевдин иши боюнча" сот процесси

Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык сотуна кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кароого жеткирилди. Бирок жактоочусунун айтымында Атамбаев сотко катышуудан баш тарткандыктан жараян ансыз уланды. Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы өткөн жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшерүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш 2019-жылдын октябрында өткөн.