Жаңылыктар
Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу башталды
Аймак
Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу башталды

Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу башталды. Каржылоо маселеси чечилген. Бул туурасында өкмөт өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков брифингде билдирди. 

Аны менен катар түштүк аймактык илимий изилдөө борборунун имараты ремонттон өтүүдө. Атайын түзүлгөн комиссия, аймактагы эпидемиологиялык абал кайрадан курчуй турган болсо, кырдаалды ыкчам көзөмөлгө алуу үчүн иш планын иштеп чыккан жана ар бир район жетекчилигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Ызабеков дубандагы жагдай бир аз басаңдаганын, бирок кырдаал оор боюнча турганын кошумчалады. Облуста 74 адистен турган 32 мобилдик топ иштеп жатат. 

Алар үймө-үй кыдырып, ооруканага барбай өз алдынча дарыланып жаткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бүгүнкү күнгө карата облус боюнча коронавирус жуктурган 3 миң 225 учуру катталды. Ушул тапта ооруканаларда 729 бейтап дарыланууда. 2 миң 13 адам ооруканадан айыгып чыкты. 154 жаран каза болду. Ырысбек Ызабеков кошумчалагандай, облус аймагында жарандарга биринчи мединициналык жардам көрсөтө турган жайлар иштеп жатат.

“Элет жерлеринде мектеп, спорт зал сыяктуу имараттарды стационар кылганбыз. Жалпысынын 2 миң 500 орун даярдалган. Ушул күнгө чейин 40 миң 398 жаранга медициналык биринчи жардам берилди. Кеңеш сурап кайрылгандар бар. Соңку учурда стационарларга жардам сурап кайрылгандардын саны азайып баштаган. Бул албетте кубандырат. Бирок ага карабастан, биз талаптарды күчөтүп жатабыз. Сапаттуу медициналык жардам берилсин деп”,- деди Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков.