Жаңылыктар
ММК фонду: Мамлекеттик ооруканаларды каржылоодо ар бир дарыланып чыккан учур эске алынат
Ден соолук
ММК фонду: Мамлекеттик ооруканаларды каржылоодо ар бир дарыланып чыккан учур эске алынат

Мамлекеттик ооруканаларды каржылоодо ар бир дарыланып чыккан учур эске алынат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди. 

Быйылкы 7 айда фонд тарабынан саламаттык сактоо мекемелерине 7 млрд 31 млн сом берилди. Андан тышкары 210 млн сом үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна бөлүнгөн. Жыл башынан бери коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого 41 млн сомдон ашык каражат сарпталды. Учурда фонд келишимдик негизде мамлекеттик 231 саламаттык сактоо мекемесин каржылайт. 

Бул арада тез жардам унааларын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 145 млн сом сарпталды. Ал эми жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 250 млн сом каражат бөлүү пландалууда. Учурда дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча абал бир топ жакшырды.