Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу - Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу - Кыргызстан жаңылыктары

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Согди облусунун Исфара районунун Ходжаи айылында Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары, чек ара жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстандын жараны октон жаракат алып анын кесепетинен каза тапты деген маалыматты тактоо иштери жүргүзүлдү. 

Жыйынтыгында Кыргызстандын аскер кызматкери жаракат алды жана тажик жараны октон жаракат алып каза тапты деген маалымат боюнча тараптар өз алдынча иликтөө ишин жүргүзүү чечимине келишти. Мындан тышкары эки мамлекеттин тиешелүү органдары ортодо жаралган көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү үчүн жолугушууларды уюштуруп, мамлекеттик чек арада жана ага канатташ аймактарда чыр-чатактарга жол бербейли деген сөздөр айтылды. Тараптар чек арага жакын аймактардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү дагы улантышат.