Жаңылыктар
Боронов: Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат
Шайлоо 2023
Боронов: Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат

Премьер-министр Кубатбек Боронов 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн талкууланган жыйын өткөрдү. 

Өкмөт башчы вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектеген шайлоо комиссияларын уюштуруу маселелерин кароо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча иш алып бара турган Республикалык штаб түзүлгөнүн белгиледи. Алдыдагы шайлоо коронавирус пандемиясына туш келгенин айткан Боронов, масштабдуу саясий окуя жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылаарын белгиледи. Шайлоо участкаларында эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандарга вирустун жугушун алдын алуу боюнча иш аракеттерди көрүүгө өзгөчө токтолду. 

“Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат», - деди Кубатбек Боронов. Премьер-министр мамлекеттик тармактык органдарга, анын ичинде коомдук тартипти, киберкоопсуздукту камсыздоо, уюштуруу маселелерин ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.