Жаңылыктар
Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип, IP-камералар орнотулат
Аймак
Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип, IP-камералар орнотулат

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип, IP-камералары орнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык бүгүн, 6-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Рыспай Абдыкадыров көчөсүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана кеңейтүү курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан.

"Аталган көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен реконструкцияланууда. Жол четиндеги убактылуу пайдалануудагы жана мыйзамсыз курулуштар алып салынган. Жалпы узундугу 715 метр жол оңдолуп, 1 миң 430 метр тротуар кеңейтилет. Түнкү жарыктандыруу системи жакшыртылып, IP-камералары орнотулат. Иригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн эки тарабына дарак, гүлдөр отургузулуп көрктөндүрүлөт. Мындан тышкары отургучтар, таштанды ташчоочу урналар орнотулуп, атайын автоунаа токтотуучу жайлар да каралган", - деп айтылат маалыматта.