Жаңылыктар
Бишкек мэринин 100 күндүк отчету
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэринин 100 күндүк отчету

Албек Ибраимовдун Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалганына 100 күн болду. Ал өзүнүн кызматка келгенден бери жасаган иштери тууралуу отчет берди. 

Мэр журналисттер менен болгон жолугушуусунда таштандыны кайра иштетүүчү завод 2 жылдан кийин гана даяр болоорун жана “Дельфин” бассейни ушул жылдын октябрь айында ишке кирээрин айтты.

Андан тышкары, шаардагы көйгөй жаратып келген Дыйкан жана Ош базарын ирээтке келтирүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканы тууралуу да айтып өттү. Калаа башчы Бишкектеги чечилбей келген мыйзамсыз курулуштарды жана унаа токтоочу жайларды ирээтке келтирүү үчүн бардык иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди. 

Бишкекте борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды жеңилдеткен катарлаш магистралдар курулаарын, ага чейин жол тыгындарын азайтуу жана шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыздоо боюнча бардык комплекстүү чечимдер кабыл алынаарын кошумчалады.