Жаңылыктар
Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди
Спорт
Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Валентина Шевченко Tapology спорттук басылмасынын версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди. Тизмелер порталдын сайтына жүктөлдү. Жаңыртылган маалымат боюнча, Шевченко 58-орунду ээлеп турат. Жалпысынан рейтингге 224 спортчу киргизилген. Арасында карьерасын жыйынтыктаган атактуу спортчулар дагы бар. Аларга бааны ММА сүйүүчүлөрү берген.

Аралаш мушташ тарыхында эң мыкты мушкер деп канадалык Жорж Сен-Пьер табылган. Ал UFC уюмунда эки салмак категория боюнча чемпион болгон. Экинчи сапты 93 килограмм салмакта америкалык Жон Жонс ээлеген. Үчүнчүгө мурдагы чемпион, бразилиялык белгилүү мушкер Андерсон Силва илинген. Ал эми UFC уюмунун учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов сегизинчи орунда турат.