Жаңылыктар
Күйүүчү майдын көмүскө соодасы
Кыргызстан жаңылыктары
Күйүүчү майдын көмүскө соодасы

Казакстандык аткезчилер жана Чалдовардын айрым тургундары оор жүк ташуучу унаалар менен күнүгө бир нече жолу чегарадан өтүшөт. Анткени алар унааларга орнотулган кошумча бактарына 1-1,5 тоннага чейин күйүүчү май куюп ташышат. Мыйзам болсо унаанын багы менен май ташыгандарга бөгөт койо албайт. Натыйжада миңдеген тонна кара майлар өлкөнүн түштүгүнө жиберилип, андан ары көмүскө базарда сатылып жатат. 

Чүй облусунун Чалдовар айылындагы эски айыл чарба базаларынын баары, азыр аткезчилик менен ташылган күйүүчү май сактоочу жайга айланган. Маселен Калина көчөсүндөгү эски базада челектер каз катар тизилген.Чалдоварда кой терисин жамынган мындай базалар толтура. Баардыгында тең коопсуздук чаралары көрүлгөн эмес. Анын үстүнө салык төлөшпөйт. Кыскасы көмүскөдө иштешет. 

Маалыматтар боюнча оор жүк ташуучу унаалар ташып келген кара майды, челекке дал ушул электр насосу менен куюшат. Андан соң чогулган бензин же солярка май ташуучу унааларга куюлуп, өлкөнүн түштүгүнө жөнөтүлөт.



Адистердин айтымында бул жерде миллиондогон акчалар айланат. Анткени Казакстанда кара майдын баасы салыштырмалуу арзан. Аны эч кандай салыксыз алып келип сатуу аткезчилерге эки эселеп пайда берет.Анын үстүнө өлкө ЕАЭБ киргени чек арада айрым текшерүүлөр алынган. Бул да болсо документсиз май ташыгандарга майдай жакты.

Бул май ташыгыч унаа экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан токтотулуп документтери текшерилди. Казакстандан келе жаткан айдоочу баардык уруксаат бере турган кагаздар бар деген менен, аны сөзү суу кечпей турганын текшерүүчүлөр аныкташты. Аткезчилердин айдоочуларына ар бир каттамы үчүн миң сом төлөнөт. Ушул каражатка алар өз өмүрү менен кошо башкалардын да ден соолугуна коркунуч жаратат. Анткени мээни кайнаткан аптаптуу ысыкта, кичинекей чок автоунааны асманга сапырып салышы мүмкүн.

Белгилей кетсек дал ушундай техниканын коопсуздугу сакталбагандыктан жакында Бишкектин Фучик көчөсүнө жакын жерде кырсык болду. Бир унаадан экинчисине көгүлтүр от куюп жатканда жарылуу болуп, беш жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Кырсыктын айынан 3 адам көз жумса дагы бир катары күйүк менен ооруканада күрөшүп жатат.