Жаңылыктар
Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамын жандандырат
Мекендештер
Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамын жандандырат

Кыргызстан 7-августтан тарта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамын жандандырат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти

Маалыматка ылайык, Кыргызстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын авиациялык бийлигинин ортосундагы макулдашууга ылайык, 7-августтан тарта "АвиаТраффик Компани" аваикомпаниясы: "Бишкек-Стамбул-Бишкек" багыты боюнча жумасына эки жолу. "Бишкек-Анталья-Бишкек" багыты боюнча жумасына бир жолу каттайт. "Түрк аба жолдору" аваикомпаниясы: "Стамбул-Бишкек-Стамбул" багыты боюнча жумасына эки жолу, "Пегасус Эйрлайнс" аваикомпаниясы: "Стамбул-Бишкек-Стамбул" багыты боюнча жумасына эки жолу, "Флай Дубай" аваикомпаниясы: "Дубай-Бишкек-Дубай" багыты боюнча жумасына бир жолу каттайт. Билеттерди сатып алуу жана аба каттамдардын жадыбалы боюнча кененирээк маалыматты аваикомпаниялардын сайтынан алса болот.