Жаңылыктар
Бейрутта 135 киши курман болуп, 5 миңден ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. Соңку маалымат
Дүйнө
Бейрутта 135 киши курман болуп, 5 миңден ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. Соңку маалымат

Куткаруучулар жүздөн ашуун адамды издеп жатышат. Азыркы учурда алардын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Ал эми порттун кээ бир жумушчулары жарылуунун толкунунан деңиздин суусуна агып кеткен. 

Кадрда урандылардын астында 16 сааттан бери чыга албай жаткан, адамды кутарып жатышканын көрүүгө болот. Жергиликтүү басылмалар каза болгондордун жана жабыркагандардын саны саат сайын дагы өсүшү мүмкүндүгүн билдирди. Анткени урандылардын алдында дагы деле куткарыла элек адамдар бар. Соңку маалыматтар боюнча Бейруттагы жарылуудан 135 киши курман болуп, 5 миңден ашык адам ар кандай жаракаттарды алган.

Шаардын негизги көчөлөрү имараттардын урандыларына жана жабыркаган унааларга толгон. Жарылууга чейин Ыйык Георгий ооруканасы Бейрут шаарынын ири жеке ооруканалардын бири болуп, коронавирус менен ооругандар дарыланып жатышкан. Жарылуудан кийин оорукананын имараты да жарактан чыккан. Ливан өкмөтү зыяндын көлөмүн 10-15 млрд доллар деп баалоодо. Ошондой эле жарылуудан улам тамак-ашка болгон кризис коркунучу да бар. 

Эске салсак Бейрутка кырсыктаган аймак катары эки жумалык өзгөчө абал киргизилген.