Кыргызстанда медициналык адистиктер боюнча бюджеттик орундар көбөйдү. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Айгүл Бообекова билдирди.
Анын айтымында, электрондук саламаттыкты сактоо системасында 588 анестезиолог жана реаниматолог, жугуштуу оорулар боюнча адистер – 222, пульномологдор – 37, тез жардам дарыгерлери – 58, вирусолог – бактериологдор -124, эпидемиологдор – 222.
“Ушуга байланыштуу КММАда 2020-2021 – окуу жылына гранттык орундар бөлүнүп берилген: жалпы медицина – 60 (20 орунга көбөйгөн), педиатрия – 40 орун, медайымдар – 10. Ош мамлекеттик университети үчүн 80 бюджеттик орундар, алардын ичинен жалпы медицина – 40, профилактикалык медицина – 20, педиатрия – 15”, - деди Айгүл Бообекова.
Мындан тышкары, Саламттык сактоо министрлиги бюджеттик формада төмөнкү адистиктер боюнча резидентурага кабыл алуу планын бекитти: эпидемиология – 30 орун, жугуштуу оорулар – 22, микробиология жана вирусология – 30, анестезиология жана реанимация – 26.
“Мындан сырткары дагы, төмөнкү адистиктер боюнча бюджеттик орундар көбөйдү: пульмонология – 35, тез жардам – 12, клиникалык лабораториялык диагностика – 20” – деди ал.
Ошондой эле бөлүм анализ жүргүзүп, Финансы жана Билим берүү министрлигине кошумча бюджеттик 250 орунду бөлүп берүү жөнүндө каттарды жөнөттү, учурда 390 орун бар.