Жаңылыктар
Педагог, физика-математика илимдеринин кандидаты Бекмолдо Чотонов дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Педагог, физика-математика илимдеринин кандидаты Бекмолдо Чотонов дүйнөдөн кайтты

Педагог, физика-математика илимдеринин кандидаты Бекмолдо Чотонов дүйнөдөн кайтты. 

Бекмолдо Чотонов Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Жыгач айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1963- жылы туулган.1990 -жылы Ош мамлекеттик университетинин “физмат” факультетин аяктап, 1995- жылдан бери Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “физика” кафедрасында иштеп келген. 2002- жылы кандидаттык диссертациясын коргоп, “физика-математика илимдеринин кандидаты” илимий даражасын, ал эми 2008-жылы “физика адистиги боюнча доцент” илимий наамын алган. 

Бекмолдо Чотонов 33 жылдык илимий-педагогикалык эмгек тажрыйбасына ээ болуу менен 100 гө жакын илимий эмгектерди жаратты. 2017 - жылы Германиянын “LAP LAMBERT Academic Pubшishinq” компаниясы жарыялаган дүйнөлүк конкурста наноэлектроника боюнча жазган илимий “монографиясы” жактырылып, дүйнөлүк мыкты илимий эмгектер тизмесине кирген. 

Кылган эмгеги үчүн Чотонов бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Бекмолдо Чотоновдун жаштарды тарбиялоого жана илимий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы эч качан унутулбайт.