Жаңылыктар
"Жээнбеков Атамбаевге башкарылган жок", - Турсунбек Акун
Саясат
"Жээнбеков Атамбаевге башкарылган жок", - Турсунбек Акун

Жээнбеков Атамбаевге башкарылган жок, ал өзүнүн саясатын жүргүзүп, эл тарапка ооду. Мындай пикирди "Ала-Тоо24түн" "Кеч эмес" көрсөтүүсүндө Турсунбек Акун билдирди. Анын айтуусунда, Сооронбай Жээнбеков жакын досун эмес элди тандады.

“Кой-Таш окуясы Кыргызстандын тарыхындагы кара так менен басылып калган окуялардын бири болуп калды. Анткени ал жерде кан төгүлүп, ондогон адамдар жаракат алды. Ошон үчүн бул тарыхта жаман жөрөлгө менен башталып калды. Сотко канча жолу чакыртса да Атамбаев үйүндө жатып алды. Бул мыйзамга баш ийбегендик “Мен азыркы президентке баш ийбейм, мен өз билгенимди жасайм, мен барбайм, мен эл менен коргоном” – деп туруп Кой-Ташка жатып алды. Бүт адамдарын топтоду, жактоочуларын топтоду, тамак-ашын берди, сойчу малын союп да жатып алды. Бул эми орусча айтканда “Байманапские замашки” деп коёт. Мындай кылган болбойт. Кыргызстанга үлгү көрсөтүш керек.

Биз Алмазбек Атамбаев бийликти өз каалоосу менен өткөрүп берип жатканда баягы конституциялык мөөнөттү сактап жатат деп ыраазы болгонбуз. А көрсө, анын ою арам экен да. Ал делегацияны өткөрүп берип жатканда эле даярдана баштаган. Өзүнүн жанында жүргөн адамды тандап, бул мага каршылык көрсөтпөйт деген. Мен өзүм билген саясатты жургүзөм, Арашанда жатып алам деген. Мүмкүн болсо кеңешин берип, элге көмөк көрсөтсө болмок да. Өзү дагы азап тартпайт эле. Ал андай кылган жок. Адегенде ал өзү сөз берген: “Мен эл менен болом, досум менен да болбойм, тууганым менен да болбойм, эч кимдин камчысын чаппайм, мен элдин гана камчысын чабам” – деген. Анан ал элге каршы чыкты.

“Сиз мага канча жакшылык кылсаңыз дагы, канча көмөк көрсөтсөңүз дагы” деп Жээнбеков эл тарапка өтүп кетти. Анан Атамбаев алданып калганын билди. Мени эл колдойт деп куралдуу күчтөрдү чогултуп жатып алды. Сен ким элең, ким болуп кеттиң? – деп президентти басынтканга чейин барды. Жээнбеков Атамбаевге башкарылган жок, ал өзүнүн саясатын жүргүзүп кетти!” - Турсунбек Акун.