Жаңылыктар
Трамп TikTok менен WeChat тиркемелеринин ишине тыюу салуу жөнүндө жарлыкка кол койду
Дүйнө
Трамп TikTok менен WeChat тиркемелеринин ишине тыюу салуу жөнүндө жарлыкка кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп TikTok жана WeChat тиркемелери америкалык компанияларга сатылбаса, 45 күндүн ичинде аларды колдонууга тыюу салуу жөнүндө буйрукка кол койду.

Жарлыкка ылайык, TikTok социалдык түйүнүнө ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясы менен кандайдыр бир келишим түзүүгө тыюу салынат. WeChat тиркемесин башкарган Tencent компаниясына да ушундай эле чара көрүлөт.

Ак үйдүн маалыматына караганда, бул платформалар АКШнын коопсуздугуна коркунуч жаратууда жана аны жоюу үчүн чектөө чаралары каралууда.

Трамп кытай компаниялары иштеп чыккан тиркемелер АКШнын улуттук коопсуздугуна, тышкы саясатына жана экономикасына коркунуч жаратат деп эсептейт. Анын айтымында, TikTok америкалык колдонуучулардын жеке маалыматтарын топтоодо. Муну менен Кытай америкалык аткаминерлерди аңдып, шантаж жана корпоративдик тыңчылык үчүн жеке маалыматтардын архивин түзүүдө.

ByteDance компаниясы өткөн аптада TikTok америкалык рыноктон кетпей турганын, тиркеме жеке маалыматтар үчүн коопсуз экенин билдирген.

Буга чейин Microsoft TikTok социалдык түйүнүн сатып алууга ниеттенип жатканы кабарлаган. Трамп буга жооп иретинде “эгер Американын казнасы анын баасынын негизги бөлүгүнө ээ болсо, бул келишимди колдой турганын” айткан. Ошол эле маалда АКШ президенти соцтармакты 15-сентярга чейин жабууга ниеттенип жатканын эскерткен.

Америкада «TikTok» тиркемесин 80 миллиондон ашуун адам колдонот.