Жаңылыктар
Футбол боюнча Европа чемпионаты башталды
Спорт
Футбол боюнча Европа чемпионаты башталды

Футбол боюнча Европа чемпионаты башталды. Анын расмий ачылышы Париждеги "Сен Дени" стадионунда өттү. Оюнду Франция менен Румыниянын беттешүүсү ачып, алгачкы голду 58-мүнөттө франциялык команданын чабуулчусу Оливье Жиру киргизди. Бирок 7 мүнөттөн кийин Румыния жооп кайтарып, Богдан Станку пенальтиден гол тепти. Ал эми жеңиш алып келген топту француз футболчусу Димитри Пайе киргизди. 

Ошентип, француздар үч упай менен А тайпасынын турнирдин таблицасында биринчи сапты ээлешти. Европа мамлекеттеринин курама командаларынын беттешинин 15-айлампасына быйыл 24 мамлекет катышууда. 

Турнир Франциянын 10 шаарында 10-июндан 10-июлга чейин болот. Турнирди жеңген команда 27 миллион еврого ээ болот. Белгилей кетсек, чемпионат төрт жылда бир өткөрүлөт. Футболдук матчтарды Коомдук биринчи канал менен КТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот. Бүгүнкү оюнда Швейцария менен Албания беттешет.