Жаңылыктар
Михаил Марков дүйнөдөгү мыкты шахматчылардын катарына кирди
Спорт
Михаил Марков дүйнөдөгү мыкты шахматчылардын катарына кирди

Кыргызстандык спортчу Михаил Марков шахмат боюнча Личесс интернет-серверининин рейтингинде 2 700дөн ашып, мыкты жүз шахматчынын онлайн-рейтингине кирди. 

Бул тууралуу Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти Талант Мамытов билдирди. Айтымында, Михаил Марков рейтинг боюнча 86-орунду ээледи. 

Белгилүү болгондой, дүйнөлүк чемпион Магнус Карлсен Личесс интернет-серверининин рейтингинде 2 966 көрсөткүчү менен биринчи орунда турат.