Жаңылыктар
А.Атамбаев Орусия элине куттуктоо жолдоду
Кыргызстан жаңылыктары
А.Атамбаев Орусия элине куттуктоо жолдоду

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге мамлекеттик майрам - Россия күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат: 

Орусиянын дос элин жана жеке сизди мамлекеттик майрам - Россия күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бүгүн Россия Федерациясы өнүккөн демократиялык мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратат. Орусиянын эл аралык бедели күн сайын жогорулоо үстүндө.

Биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүк биздин өлкөлөр менен элдердин жакшылыгы үчүн мындан ары да чыңдала берет деп ишенем, - деген президент бүткүл Россия элине бакыт-таалай, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.