Жаңылыктар
Ажылык сапарга барууга уруксат алган жарандар төлөнгөн акыны кайтарып алса болот
Кыргызстан жаңылыктары
Ажылык сапарга барууга уруксат алган жарандар төлөнгөн акыны  кайтарып алса болот

2020-жылы Сауд Арабиясына ажылык сапарга барууга уруксат алган жарандар төлөнгөн акыны өз каалоосу менен кайтарып алса болот. 

Бул маалыматты Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. Акыны кайтарып алган жарандар ажылык сапарды уюштуруу боюнча комиссиянын чечими менен тизмеден чийилет. 

Бул жылы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6110 орун бөлүнгөн. Бирок коронавируска байланыштуу чет өлкөлөрдөн зыяратчылар барган жок. Сауд Арабияда жашап жаткандарга гана ажылык милдетин аткарууга уруксат берилген.