Жаңылыктар
Бишкек шаарынын чеги такталат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын чеги такталат

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан жаңы конуштардын маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. 

Кеңешмеде Чүй облусунун айрым жаңы конуштарын Бишкек шаарынын ээлигине өткөрүү тууралуу маселе талкууланды. Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө борбордун пайдалануусуна өткөрүлгөн көптөгөн жер тилкелери Чүй облусунун административдик ээлигинде турат. 

«Буга байланыштуу Бишкек шаарынын жаңы административдик чегин бекитүү тууралуу маселени кароо зарыл деп эсептейм. Аны кабыл алууда Бишкек шаары жана Чүй облусу ортосундагы чекке тийиштүү маселени чечүүгө мүмкүндүк жаралат», – деп белгиледи Бакытбек Дюшембиев. 

Өз кезегинде вице-премьер-министр Бишкек шаарынын чегин аныктоо жана аны тез арада бекитүү маанилүү экендигин белгиледи. Абулгазиев ошондой эле жаңы конуштардагы коммуникациялык тутумдарды жакшыртуу жана жерлерди трансформациялоо маселесине көңүл бурду. «Аталган маселелер боюнча комплекстүү чечимдерди кабыл алуу керек», – деди.