Жаңылыктар
Сууга чөгүп кеткен эки өспүрүмдүн сөөгү табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Сууга чөгүп кеткен  эки өспүрүмдүн сөөгү табылды

Сууга чөгүп кеткен 15 жаштагы эки өспүрүмдүн сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай , Чүйдүн Кемин районундагы Жел-Арык айылындагы көлмөгө 15 жаштагы бала чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзгөн төрт куткаруучу, 9-августта кечке жуук өспүрүмдүн сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Мындан тышкары, 9-августта Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы чакан ГЭСке 15 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Беш куткаруучу издеп, бүгүн таңкы саат 7:00дө маркумдун сөөгүн таап, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен.