Жаңылыктар
Орозонун ден-соолукка тийгизген таасири
Кыргызстан жаңылыктары
Орозонун ден-соолукка тийгизген таасири

Өтүп кеткен апта Орозо айынын да алгачкы аптасы болду. 6-июндан тартып мусулмандар ооздорун бекитти. Муфтият жыл сайын орозо кармагандардын саны көбөйүп жатканын билдирип жатат. Белгилей кетсек быйыл Рамазан айы эң ысык жана күндүн эң узак мезгилине тура келди.

Дин аалымдары Орозодо момун мусулман, бир гана тамак аштан тыйылбастан, жаман сөздөрдөн уруш талаштан да өзүн өзү тыюусу керектигин айтышат. Аны менен Орозодо кимдир бирөөгө таарынган болсоң кечирим сурап элдешүү чоң сооп берет. 

Сүйүнбүбү апанын үйүндө ыйык орозо айы кайсы мезгилге туш келбесин, улам жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрү кошулуп кармоо салтка айланып калган. 20 жылдан бери орозо кармап келаткан үй бүлөдө быйыл 12 адам оозун бекитти.

Жайкы эс алуу учуруна туш келген орозо айы, бул үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жакшы өтүп жатат. Таң заардан туруп, баары биргеликте ооз бекиткенден кийин ар кимиси өз жумушу менен алаксып, кандай кеч киргенин деле сезбейт. Фатима эки сиңдиси менен ооз ачаарга тамак даярдоого жардам берсе, Салима бөбөктөрүн карап, аларга китеп окуп берет. Ошентип 6-июндун таңында мусулмандар ооз бекитип, орозо кармашты. Быйылкы орозо жыл ичиндеги эң узун күн саналган 22-июнга да туш келүүдө. Андыктан быйыл Кыргызстанда орозо кармагандар таң заардан күн батканга чейин дээрлик 17 саат 40 мүнөттөй оозуна наар албай жүрүшөт.



Бир жылда бир келген 30 күндүк орозодо тамактан баш тартуу менен адамдын организмине тазаланып, ички энергия жардамга келери тууралуу медицинадагы илимпоздор менен окумуштуулар далилдеп келишет. Алардын айтымында, организмге тамак барбай калганда ал өзүнөн өзү тазаланып, иштебей жаткан клеткалар иштеп, жашоо үчүн күрөш башталат. Ал эми кандайдыр бир илдет менен жабыркагандар үчүн орозо кармоо зыян гана алып келет.

Орозо кармоо менен ар бир мусулман ден соолугун эле чыңдоо менен чектелбестен, руханий - дүйнөсүн тазартып, жашоосуна жаңылануу алып келет. Орозо кармоо мусулман дининдеги беш парздын бироосу болгондуктан, бул айда адамдар бири-бирине жаман сөз айтпай, ушак сүйлөбөй, уурулук кылбай түз жүрүшү керек.

Орозо бул ар бир мусулмандын парзы жана Кудайдын алдындагы сыноо деп айтылат. Бирок, бардыгы эле 17-18 саат тамак жебей, же 35-40 градус ысыкта суу ичпей коё албайт. Ден соолугунун айынан шариаттын бул талабын аткара албагандар жаратканга болгон ыраазычылыгын башка жол менен билдирсе болот. Мисалы багаар короору жокторго, карыяларга, балдар уйуно, же кыйналып жаткан жакын коңшуларга материалдык же башка жардамдарды берсе болот.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндөгү айрым мамлекеттердеги мусулмандар жашаган өлкөсүнүн географиялык абалына байланыштуу 18 сааттан 21 саатка чейин орозо кармашууда. Мисалы, Англияда орозо кармоо 18 сааттан ашса, Канадада 19 саатка чейин кармалууда. Ал эми Швеция, Норвегия, Германия жана Россиядагылар 20 сааттан ашык орозо кармашат. Орозо кармагандардын эң эле узагыраак убактысы - Исландияда катталган, андагы мусулмандар 21 саат бою орозо кармашат.