Жаңылыктар
Бүгүн, Екатеринбургдан Ошко Кыргызстандын 219 жараны кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн, Екатеринбургдан Ошко Кыргызстандын 219 жараны кайтып келди

Бүгүн, Екатеринбургдан Ошко, Кыргызстандын 219 жараны кайтып келди. Алардын арасында эки жашка чейинки 12 бала бар. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан, чек аралардын убактылуу жабылышынан, эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам болуп жатат. 

Бул Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык, Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун макулдашуусу боюнча ишке ашырылды. Кыйырдагы жарандарды, Кыргызстанга кайтаруу аракеттери улантылып жатат.