Жаңылыктар
Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыялады

Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталында айтылгандай, тез жардам унааларын сатып алууга 145 млн сом каралган. 

Сынактык арыздарды 31-августка чейин тапшыруу керек. Биринчи кезекте - 42 млн 297,4 миң сомго 10, экинчи кезекте 102 млн 702,6 миң сомго 27 тез жардам унаасы сатып алынышы керек.