Жаңылыктар
Шанхай аэропортундагы жарылуу
Дүйнө
Шанхай аэропортундагы жарылуу

Эл аралык жаңылыктардан. Шанхайдагы эл аралык "Пудун" аэропортунда жарылуу болуп, андан бир киши жаракат алды. Бул тууралуу Кытайдын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Кытайдын борбордук телеканалы (CCTV) маалымдагандай, окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:42 чамасында болгон. Жарылуу тууралуу маалыматты Синьхуа агенттиги да бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдиргенин РИА Новости агенттиги билдирди. 

Окуянын расмий чоо-жайы азырынча тактала элек.