Жаңылыктар
Панфилов районунун Курама айылында калкты тейлөө борбору ачылды - Кыргызстан жанылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Панфилов районунун Курама айылында калкты тейлөө борбору ачылды - Кыргызстан жанылыктары

Ички миграция агымы күч Чүй облусунун Панфилов районунун эли эми документ иштерин бир топ оңой бүтүрөт. 43 миңден ашык калкы бар райондо жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Заманбап технология менен жабдылган борбор элге 36 документтин түрү боюнча тейлөө көрсөтөт. Панфилов районунун Курама айылында документ алуу иштери дайыма калкты түйшүккө салып келген. Өткөн жылы мамлекет башчысы дал ушул айылга барганда эл биринчи кезекте тейлөө тармагын жакшыртууну суранган. Айылдын аксакалы Таштан Иманбеков буга чейин бир кагаз алыш үчүн эле 70 чакырымдай жол жүрүп борборго келип жүргөнүн айтат.