Жаңылыктар
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 12-августка жылдырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 12-августка жылдырылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-августтагы Кой-Ташта болгон окуялар боюнча отурум өтүүдө. Сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар тарабынан айыптоо актысын жарыялоо улантылмак, бирок жактоочулардын келбегендигине байланыштуу жыйын 12-августка жылдырылды. 

Эскерте кетсек, былтыр Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары кагылышкан. Анда атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.