Жаңылыктар
Россиядан мекенине жеткирилген өзбекстандыктар карантинге алынды
Дүйнө
Россиядан мекенине жеткирилген өзбекстандыктар карантинге алынды

Россиядан мекенине жеткирилген 918 өзбекстандык Наманган облусунун Пап районундагы карантин аймагына жайгаштырылды. Бул тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 9-августта «Самара – Бузулук – Ташкент – Пап» поезд каттамы менен келген жарандар дароо дезинфекциядан өткөрүлүп, 10 күнгө карантинге алынды.

Буга чейин Өзбекстандын Транспорт министрлиги орус-казак чек арасында топтолуп турган өзбекстандык жарандарды мекенине жеткирүү иштери башталганын кабарлаган.

6-августта Бузулук-Ташкент, 7-августта Кинель-Ташкент багыттары боюнча ар биринде 918ден жүргүнчүсү бар эки поезд каттамы чыккан. Аларды Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын, Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматкерлери коштоп жүрүүдө.

10-августта поезд менен Россиядан Самаркандга 918 өзбекстандык жаран жеткирилди. 13-августта Ростов облусунан чыккан поезд каттамы менен дагы 918 жүргүнчү Ташкенте келет деп күтүлүүдө.