Жаңылыктар
Актөбөдөгү окуя боюнча шектелгендердин бардыгы кармалды
Дүйнө
Актөбөдөгү окуя боюнча шектелгендердин бардыгы кармалды

Актөбөдөгү окуя боюнча шектелгендердин бардыгы кармалды. Бул тууралуу РИА Новости маалмат агенттиги Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине таянуу менен жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, кармалгандардан курал-жарактар алынган. Эске салсак, 5-июнда Актөбөдө радикалдар курал-жарак саткан эки дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө кол салган. Анын кесепетинен алты киши каза болуп, бир нече адам жаракат алган. 

Буга чейин кылмышка шектүү үч адамга издөө салынган. Алардын экөөсү кармалып, дагы бирөөсү издөөдө жүргөн болчу.