Жаңылыктар
Казак министри 14 жылга эркинен ажыратылды
Коррупция
Казак министри 14 жылга эркинен ажыратылды

Өткөн жуманын соңунда Казак министри жемкорлук боюнча 14 жылга эркинен ажыратылды. Соттун бул заардуу чечими бир катар чиновниктерди сестендиргенсиди. Ал эми Кыргызстанда да коррупция менен күрөш акыркы жылдарда жемишин бергенсийт. “Трансперенси Интернешнл” коррупцияга каршы күрөшүүчү эл аралык уюмунун көрсөткүчү боюнча Кыргызстан менен Казакстан жемкорлук менен күрөшүүдө бирдей абалда.

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнда соттун өкүмү окулуп,  коррупция боюнча айыпталып жаткан Казакстандын спорт жана туризм боюнча мурдагы министри Талгат Ермегияевди 14 жылга эркинен ажыратылды. Жалпысынан мамлекетке 30 миллион долларга жакын зыян келтирген деп айыпталган министр менен кошо дагы 23 адам төрт жылдан 14 жылга чейин кесилди. Алар Казакстанда 2017-жылы боло турган "Астана-Экспо-2017" эл аралык көргөзмө өтөт турчу ири комплексти куруу милдетин алган болчу. Бир жылга созулган соттук териштирүүнүн жыйынтыгы менен Астана шаар аралык соту Адилхан Шайхисламов чечимди окуду.

“Ермегияев Талгат Амангелдиевич тагылган айып боюнча  айыптуу деп табылсын. Ал 14 жыл күчөтүлгөн режимде абакка кесилсин. Мыйзамсыз  жол менен чогулткан мүлктөрү мамлекетке кайтарылсын. Мамлекеттик жана  коммерциялык мекемелерде жетекчилик кызматтарды ээлөө укугунан өмүр бою  ажыратылсын. Мамлекеттик  “Парасат” жана “Урмат” сыйлыктарын кайтарып алуу тууралуу Казакстан Республикасынын президентине сунуш  берилсин”.

Жемкорлук менен айыпталып олтурган мурдагы министр бир жарым жыл үй камагында отурду. Ермегияевдин талапташтары ал мечит, спорт зал жана башка курулуштарды курган ири меценаттык иштерин кылды, болгону  жалган жалаа жабылып жатат деп президенттин көңүлүн бурууга аракет жасап келишкен. Ермегияевдин талапташтары дагы деле соттун өкүмүнө макул эмес.

Ал эми Кыргызстанда да коррупция менен күрөш акыркы жылдарда аесуз жүрүп жатат. “Трансперенси Интернешнл” коррупцияга каршы күрөшүүчү эл аралык уюмунун көрсөткүчү боюнча Кыргызстан менен Казакстан жемкорлук менен күрөшүүдө бирдей деңгээлде. Үстүбүздөгү жылдын январь айында,  аталаган уюмдан расмий сайтына чыккан маалымат боюнча Кыргызстан 2015-жылы 28 балл топтоп, 123 тепкичти ээлеген. Бул салыштырмалуу коррупция азайып жатта дегенди түшүндүрөт. Маселен 2014-жылы 136 тепкичте, 2013-жылы 150 катарда келе жаткан. КМШ мамлекеттерини арасында эң жакшы көрсөткүчтө 48-тепкичтеги Грузия, Андан кийин Казакстан менен Кыргызстан турса, кийинки сапта 130-орунда Укрина жана 136-тепкичте Тажикстан, Өзбекстан жана Түркөнстан турат. Коррупция боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиевдин белгилөөсүндө, бул көрүнүштү коррупцияга каршы күрөшүүнүн  аз да болсо жыйынтыктары. 

Акыркы 5 жылдын аралыгында укук коргоо органдары коррупциялык кылмыштарды токтотуу боюнча көп күч аракет жумшаган. Президентинин жарлыгы менен УКМК Антикоррупциялык кызматты да түзүлгөн.Ал эми Башкы прокуратура берген маалыматка ылайык, былтыр 11 айы ичинде күч органдары тарабынан кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча 1 284 кылмыш иши козголгон.  Дал ошол кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган чиновниктердин кесепетинен акыркы 2 жыл ичинде өлкө казынасына 1 миллиард сомдон ашуун каражат зыян келтирилген.

С. Идирисов, “Биринчи радио”