Жаңылыктар
Бала бакчалардын иштөө тартиби
Кыргызстан жаңылыктары
Бала бакчалардын иштөө тартиби

Бала бакчалар, мектепке даярдоо класстары менчик түрүнө карабай белгиленген алгоритм менен иштейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Бала бакчалардын жетекчилери бардык санитардык эрежелерди сактап, кызматкерлердин жана балдардын саламатыгынын коопсуздугун камсыз кылышы керек,-дейт. Балдарды зарыл учурда 3 саатка гана караганга калтырып кетүүгө боло турган нөөмөт топторун түзүү каралып жатканын билдирди. 

Мектепке даярдоо класстары аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша Санитардык-эмидемиолгиялык көзөмөл борборунун чечими менен кадимки тартипте ийкемдүү график боюнча иштей алат. Ошондой эле эпидемиологиялык кырдаалга жараша дистанттык окуу уюштурулат.