Жаңылыктар
Сентябрда кандай окуйбуз?
Кыргызстан жаңылыктары
Сентябрда кандай окуйбуз?

Быйыл мектептер, бала бакчалар жана мектепке даярдоо класстары менчигинин түрүнө, тибине карабастан белгиленген бир алгоритм менен иштешет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда билдирди. 

Айтымында, бала бакчаларда ата-энелер менен макулдашылып, кыска мөөнөттүү жана балдардын саны аз болсо “нөөмөт” тайпалары ачылат. Ал эми билим берүүчү мекемелердеги окутуунун таризи санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын чечиминин негизинде аныкталат.