Жаңылыктар
Ошто сибирь жарасы чыкты
Ден соолук
Ошто сибирь жарасы чыкты

Ош облусттук бириккен ооруканасына сибирь жарасына шектелип 8 адам жаткырылды. Учурда алардын абалы туруктуу экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 8 бейтаптан тең анализ алынган. Жыйынтыгы бирөөндө сибирь жарасы бар экенин көрсөттү. 

Оорунун очогу да аныкталды. 25-июлда 9 киши мал союп, этин Тогуз-Булак айылындагы 23 , Талдык айылындагы 7, Кызыл-Байрак 1, Беш-Мойнок айылындагы 3 үй-бүлөгө таратышкан. Жалпысынан 285 адам медициналык көзөмөлгө алынды. Райондо сибирь жарасынын жайылышына жол бербөө үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Калк арасында санитрадык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.