Жаңылыктар
Ала качып үйлөнгөндөргө карата мыйзам катаалданат
Кыргызстан жаңылыктары
Ала качып үйлөнгөндөргө карата мыйзам катаалданат

Депутаттар тобу никеге туруу үчүн  жашы  жете  элек кыздарды зордогондорго  жана  ага  катышы   барларга   карата жаза чараларын катаалдаштыруу демилгесин көтөрүүдө. Сунушталып жаткан мыйзам  долбооруна ылайык, никеге туруу үчүн кыздарды зордогондорго 10 жылдан 15 жылга,  ал эми  жашы жете элек кыздарды зордоп, алардын  ден-соолугуна оор залал келтиргендерди   15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу  чаралары каралып жатат. Мыйзам долбоору “Республика – Ата Журт ” фракциясында колдоо тапты.

Жашы жете  элек  кыздарга зордоп   нике  кыйып,  турмуш  кургандар көп экендиги жашыруун  эмес.  Бирок, анын  арты көпчүлүк учурда жагымсыз көрүнүштөр менен аяктайт. Алардын айрымдары ажырашып  тынса, дагы бири   өз өмүрүн  кыйган фактылар жок эмес. Каарманыбыз Айгүлдү 16 жашында  айылдаш бала  ала качкан. Айгүлдүн көңүлу жоктугуна көзү жеткен соң, зордоп  нике кыюу аракетин көргөн. Тилекке каршы алардын  турмушу уланган жок.

Айгүлгө окшогон, жаш кыздардын зордук-зомбулукка кабылып, турмуш  жолу ар кандай  кыйынчылыктар  менен коштолгон фактылар  аз эмес. Башкы прокурордун орун басары  Кылычбек Токтогуловдун маалыматында,  жашы жете электерди зордуктоо фактысы боюнча  үстүбүздөгү жылдын 4 айында 28 кылмыш иши козголду.  2015-жылдан  берки  мындай фактыларга карата соттун ар кандай өкумдөру чыккан.

Талкуу жүрүшүндө депутат Бактыбек Райымкулов жыл сайын өлкө аймагындагы эрезеге жетелек кыздарды  атайын медициналык текшерүүдөн өткөрүп туруу сунушун киргизди.  Анткени,   зордукка кабылган балдардын ата-энелери менен жакындары  мындай кылмышты жашырып   келген учурлар  бар.

Ал эми фракция башчысы Өмүрбек Бабанов балдарын кароосуз калтырган ата-энелердин да жоопкерчилигин кароо тууралуу оюн билдирип, жашы жетпегендерге  зордоп  нике кыюга катышы барларга да жаза чараларын күчөтүүнү сунуштады .

Талкуу соңунда , фракция  депутаттары , никеге туруу үчүн кыздарды зордогондорго карата жаза чараларын катаалдаштыруу боюнча демилгеленген  мыйзам  долбоорун  бир добуштан колдошту.

Г. Усенова, “Биринчи радио”