Жаңылыктар
World of Tanks: танктардын мелдеши өттү
Спорт
World of Tanks: танктардын мелдеши өттү

Баш калаада танктардын мелдеши өттү. Бирок ал чыныгы жашоодогу эмес, компьютердик оюндар аркылуу ишке ашырылды. Саамалык Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, мелдештин байге фондусу 700 миң сомду түздү.

Мындан тышкары аскердик курал-жарактардын көргөзмөсү уюшулду. Борбор Азия боюнча Wargaming компаниясынын куратору Константин Никифоровдун айтуусунда, виртуалдык танк оюнунун рейтинги жыл сайын өсүп келет.  

Никифоров: Жыл сайын чемпионаттар өтүп келет. Оюнга катышкан командалардын деңгээли өсүүдө. Ошондуктан биз Борбор Азия лигасын түзүүнү көздөдүк. Ага Орто Азиядагы геймерлердин мыктылары кирет. 

Бүгүнкү күндө киберспорт чоң спорттун бир бөлүгүнө айланды. Белгилүү болгондой 7-июнда спорттун бул түрү, Россия аймагында расмий оюндардын бирине кирди. Демек, киберспортту бир нече разряддарга бөлүүгө болот. Кошумчалай кетсек, бул оюдну дүйнө жүзүндө 150 млндон ашык адам ойнойт.

Усубалы Мамбетов, "Биринчи радио"

Фото: http://www.ktrk.kg