Жаңылыктар
Кой-Таштагы чууга А.Атамбаев күнөөлүү. Серепчилердин пикири
Саясат
Кой-Таштагы чууга А.Атамбаев күнөөлүү. Серепчилердин пикири

2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш окуялары боюнча мамлекеттик комитеттин 1 офицери каза болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган. Бул окуялардан кандай сабак алабыз? Бул тууралуу эксперттер Орозбек Молдалиев жана Алмазбек Акматалиев жооп берет.

Алгачкы суроону Орозбек агай сизге узатайын. Саясат таануучу, мурдагы мамлекеттик кызматкер, улуттук, аймактык адис катары  ал күнкү окуяларга кандай бааңызды бересиз?

- Мына 1 жыл болду. Бул окуядан ар бир кыргызстандык, ар бир бийлик өкүлү сабак ала турган окуя болду. Мамлекетти 6 жыл башкарган президент өзү түзгөн укуктук мамлекетте жашап жатабыз деп мактаган укуктук системасын коргоп жатып мен “призновайтетпейм”, булар укуктук талаадан чыгып кетти деп, күбө катары чакырганда суракка келбей коюп, чатак ырбап отуруп аягы трагедия, өлүм менен бүттү. Канча адамдар жарадар болду, канчасы шерт кетти. Анан ички жана сырткы саясатта серепчилердин талдоосуна калдык. “Булар мыйзамды сыйлабайт, 2 жолу революция болгон, мунусу да камалып калды” деген сөзгө чейин келдик. Атамбаев өзү деле айтчу, “Мыйзамды ким бузса, ал адам мыйзам алдында жооп бериш керек, президент бузса жооп бериш керек, камалыш керек” деп өзүнүн айткан сөзү бар болчу. Өзү сот органдарын, укук коргоо органдарын күнөөлөп, анысы аз келгенсип бул жерде массалык башаламандык уюштурганга аракет кылды, регионализмди козгоп койду.

“Жогорку Кеңеш менен президент мөөнөтүнүн аягына чейин иштей албай калышы мүмкүн” деген сөздөр июнь айынан баштап эле айтыла баштады. Даярданып, элди үйүп, чогултуп, “биз муну төңкөрө алабыз” деген сөздөрдү да айтты. “Менин куралым бар, мен жөн эле баш ийип, багынып бербейм” дегенге чейин барбадыбы. Биз мындан кандай сабак алышыбыз керек, мыйзамды сыйлап, мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Бул мыйзам бузуулар эмнеден улам чыкты? Бул коррупциялык элементтердин бири. Ошол мыйзамды сыйлабай, "мыйзамды бузса деле, жол эрежесин бузуп деле кутулуп кетсек болот" деген атмосферада жашап жатпайбызбы. Мына азыр коррупция менен күрөш жүрүп, чекесинен кармалып жатат. Бирок коррупция муну менен жоюлуп калат дегендик эмес. Мунун тамыры өтө тереңге кеткен. Азыр көрүп жатасыздар, "базарларда гуманитардык жардам сатылууда" деген сөздөргө чейин чыкты. Оорулардын абалы кандай болуп жатат? Алар жөнүндө көп маселе бар. Билим берүү системасы да аябай начарлап кеткен. Врачтарыбыздын (азыр жамандабай эле туралы) ичинде деле билими начарлары аябай көп. Азыркыга  чейин бир жакшы системага түшө  албай жатпайлыбы. Мына Грузия менен салыштыргыла, Монголияны карагыла социалисттик системада жүргөн эле мамлекеттер. Грузияда 20га жетпеген эле адам каза болду, Монголияда андан да аз. Бул жерде көп маселе бар. Ошол Кой-Таштагы окуя ушул маселелердин эң чоң көрүнүшү. Булардын баарын бир системага алып караш керек.

Кийинки суроо Алмазбек мырза сизге. Кой-Таш окуялары мамлекеттүүлүгүбүзгө канчалык кооптуу? Кандай кесепеттери бар болчу?

- Эки нерсени айткым келип жатат. Биринчиси, биз ошол кезде азыр ойлосом чоң граждандык согуштун алдында турганбыз. Кийин анализ жүргүзүп көрдүм. Кудай анын бетин нары кылсын, Атамбаевдин жанында кошо жүргөн адамдардын бирөө эле каза болгондо, анда чоң чыр чыкмак. 5-6 миң киши кечинде шаарга түштү. Бизди Кудай сактады деп ойлойм. Эгер ошолордун бири каза болгондо мародёрство болмок, ак үй күймөк, баягы эле сценарий, орусча айтканда “жестокий” болмок. Былтыркы окуя – бул баягы финалдык эле көрүнүш болду. 

Бул киши жеке амбициясына жетектелип, мен эле бармын, убактылуу өкмөттүн башкы ролу болгон эмес. Роза Исаковнаны 31-августта аянтта элдин көзүнчө, миллиондогон эл телевизордон көрүп жатканда кекетип сүйлөгөн. Андан тышкары, мен эле чечип келгем, мен болбосом... “какую  я страну принял” – деген сөздү көп айтып калган. 2016-жылкы Конституциянын реформасын деле ушул эле максат менен жасаган го деп калдым. Себеби, президенттин ыйгарым укуктарын анча-мынча басаңдатып, премьердикин көбөйтүп, аягында жакын деген өзүнүн жанында жүргөн жакын адамды (азыркы президентти) колдоп, а киши унчукпайт экен, сөзгө келет экен деген пикир туулду болушу керек. Жаш, "чөнтөгүндөгү" премьер-министрди коюп алып, негизги максаты президентке дагы, өкмөткө дагы бийлеттирбей экөөнү кагылыштырып туруп, өзү Кой-Ташта туруп алып бийлейм деген. Менин жеке пикиримде негизги себеп – ушул. 

2018-жылы 8-февралдагы Коопсуздук кеңешмесинде биринчи жолу сын айтылды. Сооронбай Шарипович азыркы президенттин жетекчилиги менен коппсуздук кеңеши өткөндө биринчи жолу айтылды. Укук коргоо органдарында да коррупция бар, керек болсо УКМКда да жемкорлук бар, соттордо бар деген. Ошондон улам Алмаз Шаршенович от албадыбы. 

Мен азыркыга чейин таң калам, ага чейин премьерге эч ким тийген жок, керек болсо УКМКнын мурунку төрагасы да Атамбаевдин кишиси болгон (С.Жээнбеков президент болгон учурда). Ал эми президенттин апарат жетекчиси болуп Фарид Ниязов иштеген. Эсиңерде болсо, Алмазбек Атамбаев кызыктай фразаны айткан: “Мен кечээки Коопсуздук кеңешмеде президент даярдалган сөздү эмес, башка бирөө сала берген эле сөздү айтып койду” -  дегенде таң калгам. Шайланган президент өз алдынча иштейби же иштебейби? Ушинтип эле ар бир сөзүн көзөмөлдөп эле турабы? Ал кезде бул саясий окуялардын аягы эмне менен бүтөрүн эч ким билген эмес.

Экинчи себеби – мыйзамды сыйлашыбыш керек. Өзү да айткан: президент, президенттин туугандары болобу жооп бериши керек!”- деп (Атамбаев). Эми ойлосом кошул-ташыл болуп кетиптир да, ошол өзүнүн жеке амбициясы, психологиялык өзгөчөлүктөрү, эмоционалдуу, тез “от алып” кеткен киши да.

Атамбаевдин үйүндө күн алыс концерт болуп жатты. Эмне деген гана сөздөр айтылган жок, кошуна президенттерди жамандап, ачуу сөздөр айтылды. Азыркы президентке, азыркы бийликке эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Жеке пикиримде, регионализм курчуп отуруп чоң деңгээлге жетип калды. 2019-жылы 8-августта биринчи штурм туура болдубу, туура эмес болдубу, аны ким жасашты? Ал башка маселе. Мен бул боюнча адис эмесмин, бирок эртеси милиция кызматкерлери, укук коргоо органдары катуурак киришпегенде башкача болмок, анда революция болмок, кайра эле баягы таз кейпибизди киймекпиз. Сабак алышыбыз керек. Өткөндү унутпайлы.