Жаңылыктар
Абактагы өндүрүш - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Абактагы өндүрүш - Кыргызстан жаңылыктары

Өлкөдөгү аялдар түрмөсүндө наабайкана жана кийим тигүүчү цех ачылып, 100гө жакыны ишке тартылган. Алар мекеменин керек-жарагын камсыздайт.

Түзөтүү мекемелеринде санариптин пайдасы тийип жатат. Жалпы өлкөдө 27 мекеме болсо, дээрлик баарында 800дөй видео-көзөмөл камералары коюлуп, абал онлайн режиминде байкоого алынат. Ал үчүн мониторинг жана анализ борбору түзүлгөн.

Соттолуучулардын өзүлөрүн азык-түлүк камсыз кылуу жана өндүрүлгөн азыктарды сатыкка чыгаруу боюнча да иштер жүрүүдө. Тамак-аш жана ишканалар чыгарган продукциялар былтыр 192 миллион сомдук киреше алып келген. Алдыда дагы жаңы ишканалар ачылганы турат.

Түрмөлөрдө өндүрүштүн жанданганы жазасын өтөп жаткан кишилерди жумуш орун менен камсыз кылып, аларга айлык чыгып, мамлекет үчүн да пайда алып келет. Азыркы күндө мамлекет тарабынан бул системага көңүл бурулуп, көп мекемелер оңдоп-түзөөдөн өтүп, ошол эле учурда иштеген кызматкердин социалдык муктаждыктарын чечүүгө көңүл бурулган.