Жаңылыктар
Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак-үйдүн курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
 Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак-үйдүн курулушу башталды

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткенге жасаган жумуш сапарынын алкагында, Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак-үй курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты. 

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев турак-үйдүн курулушу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, 2022- аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн каралгандыгын билдирди. Үч кабаттуу кызматтык имарат, 24 батирге ылайыкташкан. 

Жогоруда аталган үйдүн курулушу аяктаган соң татаал шартта кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери ыңгайлуу турак-үй менен камсыз болушат. Мамлекет башчысы аскердик бөлүктүн аймагын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанды. 

Алар менен баарлашып жатып Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо анын көз карандысыздыгынын негиздеринин бири экендигин айтып, кызмат өтөө үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана аскер кызматчыларынын жашоосун жакшыртуу ар дайым мамлекеттин артыкчылыгы болорун белгиледи. Ошондой эле, мамлекет аскер кызматчыларын өзгөчө чек ара кайтаргандарга колдоо улантыла турганын билдирди.