Жаңылыктар
Тажикстандагы россиялык жарандар мекенине алып кетүүнү талап кылышты
Дүйнө
Тажикстандагы россиялык жарандар мекенине алып кетүүнү талап кылышты

Россиянын ондогон жараны өлкөнүн Душанбедеги элчилигинин алдына чогулуп, Тажикстандан чыгарып кетүүнү талап кылышты. Алар бир нече айдан бери мекенине кете албай жатышканын билдиришүүдө.

Буга чейин Россиянын Тажикстандагы элчилиги мекенине кайтууну каалаган жарандар Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталына катталып, Россияга уча турган авиакаттамдарга болжолдуу каттоонун атайын электрондук формасын толтурушу керектигин билдирген.

Элчиликтин маалыматына караганда, июлдун аягына карата Тажикстандан Россияга 23 аба каттамы уюштурулуп, 3 200дөн ашык жаран мекенине жеткирилген.

Дипломаттар Тажикстандагы орусиялыктардын көбү Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталында каттоого турбаганын, ошондуктан чартердик каттамдар менен мекенине жеткирилбей жатканын билдиришүүдө.

«Жеке мен порталда мурда эле каттоого тургам, бирок эч кандай майнап жок. Бир нече айдан бери кезегимди күтүп жатам. Мисалы, Екатеринбургга бара турган жарандарды Москвага учкан каттамдарга отургузбай жатышат», — деди Анастасия Пильянова аттуу орусиялык жаран.

Шаршемби күнү орус элчилигине 50дөн ашык киши чогулду. Алардын көбүн Россиянын жарандыгын алган тажикстандыктар түзөт.

Тажик басылмаларынын маалыматына караганда, чогулгандардын алдына Россиянын Тажикстандагы консулу Валерий Катункин чыгып, элчиликке жөнөтүлгөн бардык каттарга бир айдан ичинде жооп болорун билдирди. Ал Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталына катталган жарандар кезек менен Россияга жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.