Жаңылыктар
Сабиз - рак илдетин алдын алат
Ден соолук
Сабиз - рак илдетин алдын алат

Күнүмдүк тамак-ашка колдонулуп келген сабиздин ден соолукка, сулуулукка жана узак өмүр сүрүүгө тийгизген пайдасы чоң. Бул жашылчанын курамында каротин заты өтө көп болгондуктан, көздүн көрүүсүн жакшыртат. Кант диабети менен жабыркагандарга диетологтор кайнатылган сабизди жегенди сунушташат. Анткени чийки сабизге караганда кайнатылган сабизде антиоксиданттар 34% көп. Чийки сабиз кандагы холестериндин санын азайтып турат. Ар дайым колдонууда жүрөк-кан тамыр ооруларын, инсультту алдын алат.  

Баш мээдеги кандын айлануусуна жакшы өбөлгө түзөт. Кан басымы жогоруларга, атеросклероз, инсульт, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жапа чеккендерге рационуна сабиз кошуу туура чечим болот. Окумуштуулар далилдешкендей, эгер адам күнүнө 1-3 баш сабиз жеп турса, рак оорусуна кабылуудан алыс болот. Бул азыктын курамында рак клеткаларын азайтуучу жана шишиктин алдын алуучу заттар бар. Тамак сиңирүүнү жакшыртуучу касиетке ээ. Ич катканда жакшы жардам берет. Боор, бөйрөктүн иштешине пайдасы чоң. Организмдеги токсиндерди сыртка чыгарат. Карылыктын алдын алып, беттеги бырыштарды азайтат. 

Ал эми ширесинде темир көп болгондуктан аз кандуулукта колдонсо жыйынтыгын берет. Көңүлдү ачып, иммунитетти көтөрөт. Ошондой эле кош бойлуу айымдар, бала эмизген энелер колдонсо, эне-балага эбегейсиз пайда алып келет. Өзгөчө бала эмизген энелердин сүтүн коюлантып, пайдалуу витаминдер менен толуктайт. Курамындагы А витаминдин негизинде жаш балдардын боюнун өсүүсүн, сөөктөрүнүн, тиштеринин бекем болушун шарттайт. Көрүүсү начар болсо жакшыртат. Андыктан, ар дайым дени сак, жаш, сулуу болом десеңиз күнүмдүк тамак-аш рационуңузга сөзсүз түрдө сабизди кошуңуз.