Жаңылыктар
Бишкекке Санкт-Петербургдан Кыргызстандын жарандары учуп келди
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкекке Санкт-Петербургдан Кыргызстандын жарандары учуп келди

“Манас” Эл аралык аэропорту 13-августта «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын «Санкт-Петербург – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Кыргызстанга Россиядан 151 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар. 

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке  ашырылган.

Борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандыктардын биргелешкен Ыкчам штабынын алдындагы комиссия түзгөн. 

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.