Балмуздактын бир эле учурда пайдасы да, зыяны да бар. Ошондуктан, көпчүлүк ата-энелер балага балмуздак алып берүү керекпи, жокпу деген суроо түйшөлтөт. Биз бүгүн бул суроолорго жооп издедик.
Алгач, аталган шириндиктин жаралуу тарыхына токтололу. Кайсы жерде пайда болгону тууралуу так маалымат жок. Бирок, аны биздин заманга чейин 3 миң жыл мурда Кытай эли, Греция жана Египеттин калкы колдонулганы тууралуу тарыхый китептерде жазылган. Кытайда балмуздактын чыгуусуна ачкачылык себеп болгону айтылат. Тамак-аш жок мезгилде ыйлаган балдарын сороотуу үчүн музду беришкен. Бара-бара ага апельсин, лимон, анардын ширеси кошулуп, таттуу шириндикке айланган.
Ал эми Грецияда балмуздакты ач аскерлерди тойгузуп, чарчаганын басуу үчүн ойлонуп табылганы жазылган. Ал үчүн бийик тоого чыгышып, музду тоголок формага келтиришип, ага бал, сүт жана башка шириндиктерди кошуп, кайра карга көмүп коюшкан. Машыгуу учурунда аскерлер тоону көздөй чуркап, даяр балмуздактарды көмгөн жерден алып жешип, чаңкоолорун кандырышкан.
11-кылымда Египеттин султаны муздак суусундук менен балмуздак жасатып турганын Каир шаарына саякаттап барып, күбө болгон саякатчы жазып чыккан. Ал султандын желдеттери атайын алыскы тоолорго барып, мөңгүлөрдү ташып турушкан. Музду алып келүү учурунда бир топ адамдар жолдон каза табышкан.
Балмуздактын пайдасы
Сүттүн курамында сөөктү бекемдөөчү кальций өтө көп өлчөмдө. Ошондуктан, бала бир күндө 1 литрге жакын сүт ичүүгө тийиш. Бирок, жалаң эле сүт иче берсе, баланын көңүлү айланышы мүмкүн. Ошондуктан, балмуздак менен аны алмаштырса болот. Балмуздакта сүт азыгы катары бардык компоненттери - сүт белогу, аминокислоталар, витаминдер, минералдык заттар жетиштүү. Анын үстүнө сүт компоненттери гомогендешкен формада болгондуктан, абдан бат сиңирилет. Таттуу маанайды көтөрөт, серотиндин иштелип чыгышына көмөктөшөт. Азыкта жеңил сиңген углеводдор мээнин иштеши үчүн жакшы зат болгондуктан, мектеп окуучуларга пайдалуу. Мындан тышкары, ачкалыкты басандатат. Курамындагы лактоза, кальций, магний ашказан, ичегинин иштешин жакшыртат.
Балмуздактын зыяны
Айрым, дарыгерлердин айтымында, балмуздак толук кандуу азык эмес. Бул тиштер үчүн жана тамактын табити үчүн зыяндуу. Эгерде балмуздакты жумасына 2-3 жолудан ашык жегенге болбойт. Ашыкча салмак кошуучу касиетке ээ. Балмуздакты жегенден кийин оозду чайкоо керек. Бул тиштин таза сакталышына өбөлгө болот. Ашказаны ооругандардын оорусунун күчөшүнө алып келет. Күн сайын колдонууда кант диабетине жеткирет. Күн ысып турган учурда муздак шириндикти тиштеп жегенде тиштин эмалдары туруштук бере албай, тез бузулат. Ооз көңдөйүндө температура кескин төмөндөгөндө тиш сыздап, эмалдарда жаракалар пайда болот.