Жаңылыктар
“Мекеним Кыргызстан” жана “Бирик” партиялары бирикти
Шайлоо 2023
“Мекеним Кыргызстан” жана “Бирик” партиялары бирикти

“Бирик” жана” Мекеним Кыргызстан” партиялары быйылкы шайлоого бирге аттанышат. Бүгүн партиянын лидерлери Кылыч Исамамбетов жана Мирлан Бакиров биригүү меморандумуна кол коюшту. Демилге эки тараптуу болуп, саясий көз караштарынын дал келүүсү биригүүгө чоң түрткү болгон. 

Келишимге кол коюлгандан кийин партия жетекчилери шайлоонун маанилүүлүгүн белгилешип, добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды. 

“Меморандумдун негизги максаты – Кыргызстанда социалдык багыттагы мамлекет куруу жана кыргыз элинин жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн саясий күчтөрдү бириктирүү”- деп белгилешти.

Бириккен партиянын 15 миңге жакын мүчөсү бар. “Бирик” партиясы Нарын жана Чүй облустарында өзгөчө колдоого ээ. Эми бул партиянын курамы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен толукталат.