2010-жылдагы июнь окуясы өлкөдө апрель ыңкылабы болуп өткөндөн кийин, жаңы келген бийлик баш-аягын жыйнап анча күчкө толо элек учурунда болду. Баштагысы да ошон маалда болгон. Мындан улам адистер бур каргашалуу окуялардын артында эптеп кыйкым таап, эки элди кайраштырып, колунан келсе алай-дүлөй кылып жибергиси келген чоң күч бар экенин танбайт.
Бирок чындыгында этностор аралык мамилени мамлекет жөнгө салып, кайсы азгыруучу келсе да элдер касташпай тургандай, ар кандай тукурууга алдырбай тургандай болуусу зарыл. Ал үчүн өлкөдө жашап жаткан элди бир түндүктүн алдына чогултуп, баарына бирдей мамиле кылуу керектигин ошол каргашалуу июнь капсалаңы көрсөтүп койду. Каргашалуу июнь окуясынан кийинки алты жыл ичиде улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жаатында эмне иштер аткарылды?
Мына ушундай кооз, миң жылдык тарыхы бар, Кыргызстандын экинчи борбору аталган ордолуу Ош шаарында мындан алты жыл мурда чыныгы согуштук аракеттер жүрүп, атышуу, бири-биринин үйүн өрттөп, адамдын жаны кыйылган окуялар болгон деп айтуу кыйын. Азыр ал абалды эске сала турган эч нерсе байкалбайт. Бузулган үйлөр тургузулуп, элдин бири-бирине болгон ишенимин бекемдөөгө мамлекеттик деңгээлде аракеттер көрүлүп жатат.
Улуттар аралык кагылышуу 11-июнда Ошто башталган, бир канча убакыттан кийин жаңжалдын очогу Жалал-Абадда тутанган. Эң негизгиси чатакты саналуу сааттардын ичинде токтотуп калууга мүмкүн болду. Улуттар аралык жаңжалды уюштуруу Ошто мурунтан эле пландалганы ошол кезде эле билгилүү болгон. Эки элди бөлүп, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирүүгө кызыкдар болгон тышкы күчтөр, сепаратисттер бар эле. Кагылышууда 442 мекендешибиздин өмүрү кыйылып, 3 миңден ашык турак-жайлар өрттөлгөн. Эки тараптан тең чоң жоготуулар болгону менен, карапайым эл кек сактоо сезиминен алыс болушту. Мүлктөрүн жоготкон жүздөгөн адамдарга мамлекеттин эсебинен жаңы үйлөр курулду. Буга миллиарддаган сомдор салынды. Тууганын, жакындарын жоготкондор батир жана жөлөк пул алышты. Ош жана Жалал-Абад шаарларында кыска убакыттын ичинде көп кабаттуу 34 үй же 1750 батир курулган.
Адатта жаңжалдардын залакасы карапайым калктын башына түшөт эмеспи. Мындай окуя 1990-жылы орун алганда Советтер союзу курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө болгону 1300 рублдан төлөгөн. 2010-жылы жабыр тарткандардын турак-жайлары калыбына келтирилип, жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллиондон сом берилди. Тынч жашоону калыбына келтирүүгө баш-аягы 14 миллиарддан ашык сом жумшалып, 6 млрддай сом республикалык бюджеттен сарпталды.
Албетте, кеп сарпталган каражаттар менен акчаларда эле эмес. Маселе эми кан төгүүлөр, улут аралык жаңжалдар кайталанбашы үчүн кандай кадамдарды жасоо керек? Буга багытталып мамлекеттин эң башкы инструменти- элдин биримдигин жана жана улуттар аралык мамилени бекемдөө концепциясы иштелип чыкты. Бул документте улут аралык ынтымакты сактоо боюнча иш аракеттердин ар бир кадамы жазылып чыккан.
Концепциянын негизги бир бөлүгү бул мамлекеттик тилди өнүктүрүү. Алгачкы жыйынтыктар азыртадан эле байкалууда-көптөрү кыргыз тилинде сүйлөп, балдарды кыргыз тилдүү бала-бакча, мектептерге берүүнү каалагандар көбөйдү. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен бирге кыргыз жараны деген ураанды бийик көтөрүү боюнча чоң жумуштар жасалууда. Мында ар бир адамдын кайсы улутта экенине карабай Кыргызстандын жаранымын деген сезими болушу керек. Бул болсо футбол боюнча Кыргызстан-Австралия беттеши. Күйөрмандардын трибунасы он миңдеген адамдарга толгон. Бардыгы улутуна карабастан Кыргызстандын курама командасына жан тартып жатышты. Ар бир адамда өзүн Кыргыз Республикасынын жаранымын деген сезимди жаратуу оңой иш эмес. Бирок башталган ишти токтотпой улантуу зарыл дешет адистер.
Айтмакчы, бул жагынан жасалган аракеттер өз жемишин бере баштаганын адистер белгилешет. Болгону ар бир жаран мамлекеттеги эркиндикти, анын баалуулуктарын барктай билиши керек. Мындай жооптуу иште мамлекет Кыргызстан элинин Ассамблеясына чоң үмүт артууда. Бул уюм жаралган пикир-келишпестик, чыр-чатактарды биринчи кезекте алдын алышы керек. Ассамблея дээрлик 80 диаспораны өзүнө камтыйт. Уюмдун жаңы жетекчилиги өкмөт органдары менен иш-алып барууну жаңы деңгээлге чыгарып, натыйжалуу жыйынтыктарды көрсөтүүгө ниеттенип жатат.
Эң башкысы азыр улуттар аралык биримдикте кандайдыр бир жарака жок. Адамдар бири-бирине кек сактаган учурлар байкалбайт. Ар жылы 11-июнда Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жашоочулар чогулуп, салтка айланып калгандай короодо чоң казандарга аш даярдап, куран окутушат.
Эскерүү иш чарасы Ош окуясынын курмандыктарына арналып тургузулган “Энелердин көз жашы” эстелигинде да болуп, гүл чамбарлар коюлду. Окуяда курман болгон, дайынсыз жоголгон, жакындарын жоготкондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына, бала-чакасына көңүл айтылып, куран окутулду.