Жаңылыктар
Беш жылдын ичинде 16 миңден ашык адам турак жай менен камсыз болду
Кыргызстан жаңылыктары
Беш жылдын ичинде 16 миңден ашык адам турак жай менен камсыз болду

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу беш жыл ичинде 16 миңден ашык адам турак жай менен камсыз болду. Программа иштеп баштагандан бери беш жарым млрд сомго төрт миң жети жүздөн ашуун ипотекалык насыялар берилди. Жакындан тарта мугалимдер жана дарыгерлерди турак жай менен камсыздоо үчүн атайын ипотекалык программаны иштелип чыгат.

Мамлекеттик ипотека жылдык он пайыздык чен менен он беш жылдык мөөнөткө сунушталат. Жеңилдетилген ипотекалык насыялар бир нече коммерциялык банктар аркылуу берилет. Алууну каалагандар программага катышкан коммерциялык банктарга кайрылса болот. Бул максатка багытталган акча мамлекетте ири өлчөмдө бар.

Бүгүнкү күндө ипотекалык компания тарабынан 5 жарым млрд сомго 4,7 миңден ашуун ипотекалык насыялар берилди. Акыркы беш жыл ичинде 16 миңден ашык адам турак жайды насыяга алды. Учурдагы пандемия шартын эске алуу менен ипотека берген компания насыясын төлөй албай жаткан адамдарга жеңилдик берди. Насыяга үй алгандар карызын үч айдан алты айга чейин кечирээк төлөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ушул айларда төлөнбөй калган карыздар алардын кийинки жылдары төлөнө турган насыяларынын үстүнө тең бөлүнүп чачырайт.

Дагы бир жакшы жаңылык медицина кызматкерлери жана мугалимдер үчүн атайын ипотекалык программа иштелип чыгууда. Евразия өнүктүрүү фонду колдоо көрсөтсө ак халатчандар менен агартуучуларга ак өргө насыя менен берилет.