Жаңылыктар
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык башталды - Кыргызстан жаңылыктары
Спорт
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык башталды - Кыргызстан жаңылыктары

Түркиянын Изник шаарында 2021-жылы өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программассына даярдыктар башталды. Иш-чарага Түркиянын жаштар жана спорт министри Мухарем Касапоглу, Дүйнө этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган жана Түрк кеңешинин жетекчиси Багдат Амреев катышты. 

Дүйнө этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган Көчмөндөр оюндарынын Изник шаарында уюштурулуп жатканынын мааниси чоң экенин баса белгилеп, шаардагы Кыргыз жоокерлеринин күмбөзү жөнүндө өзгөчө айтты. Ошондой эле дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын ролун демилгечи катары жогору баалады. Дүйнө этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. 

Курамына сегиз өлкөнүн салттуу спорттук оюндарынын федерациялары кирген. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн.