Жаңылыктар
Кыргызстандын экспорттогу жагдайы
Экономика
Кыргызстандын экспорттогу жагдайы

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, ушул жылдын 3 айында Кыргызстан 178 миллион долларга товар сатты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга төмөн. 

Экспорттун көлөмү алыскы мамлекеттердин суроо-талабынын азайышынан улам төмөндөдү. Буга карабастан, Кыргызстанда өндүрүлгөн деген маркадагы товарларга көңүл буруп, аларды пайдаланып келген мамлекеттер бар. Алардын сап башында Словения менен Украина турат.