Жаңылыктар
50 жаштагы кишини иниси сабап салды
Кылмыш
50 жаштагы кишини иниси сабап салды

13-августта болжол менен саат 18:40 чамасында Кайыңды конушунда адам сабалгандыгы тууралуу укук коргоо органдарына билдирүү түшкөн. Бул тууралуу патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Жабырлануучу 1970-жылы төрөлгөн. Ал милицияга анын иниси токмоктоп, качып кеткенин айткан. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы төрөлгөн жаран кармалып, Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына жеткирилген. 

Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. 5о жаштагы адамды сабап салган видео Instagramдагы oppa.kg баракчасына жарыяланган. Видеодо жаш кишинин каршылык көрсөтпөй жерде жаткан адамды сабап жатканы көрсөтүлгөн.