Бүгүн, 15-августка караган түнү футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалында Бавария - Барселона командалары беттешет. Оюн Португалиянын Лиссабон шаарындагы "Да Луш" стадионунда түнкү саат 1:00дө өтөт.
Буга чейин 1/8 финалда Барселона эки оюндун жыйынтыгы менен Наполини 4:2 эсебинде, ал эми Бавария командасы лондондук Челсини 4:1ге жеңген (эки беттештин жыйынтыгы).
Маалым кыла кетсек, КТРК СПОРТтун бул беттешти көрсөтүүгө укугу жок. Андыктан түз эфирде көрсөтпөйбүз.