Жаңылыктар
Сак бол!!! Кара-Суу районунда 288 адам каттоого алынды - сибирь жарасы
Ден соолук
Сак бол!!! Кара-Суу районунда 288 адам каттоого алынды - сибирь жарасы

Кара-Суу районунда чыккан сибирь жарасы боюнча мал ээсине ветеринардык адистердин уруксаты жок малын сойгондугу жана сибирь жарасына каршы жазгы пландуу эмдөөтүдөн баш тарткандыгы үчүн 5500 сом айып пул салынды. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Папан айыл өкмөтүнө карантин жарыяланып, инструкцияга ылайык иш чаралар өтүп жатат. Учурда Тогуз-Булак, Орток  айлындарында сибирь жарасына каршы баардык малдын түрлөрүнө эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Карантинге байланыштуу Кара-Сөгөт жана Тогуз-Булак айылдарында 25-августка чейин мал союуга болбойт жана той өткөрүлбөйт. 

Республикада эпизотикалык абал кандай? Бул багыттагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эпизотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын адиси Чыңгыз Романов төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Кара Суу районунда сибирь жарасы боюнча абал туруктуу. Оорунун жаңы учуру катталган жок. 15 күнгө созулган карантинге алынды. Жеринде тийиштүү органдар иш алып барууда жана оору аныкталгандан кийин райондун администрациясынын чечими менен аймакка карантин жарыялаганбыз. Карантиндин талаптарына ылайык, иш чаралар жүргүзүлүп, аталган райондогу бардык малдын түрлөрү ооруга каршы эмдөөдөн өткөрүлдү. Андан сырткары, малдын сыртка кирип чыгуусу көзөмөлгө алынды.

 Тогуз булак айылында сегиз адам ооруга күмөндөлүп жаткырылса, бир адамдан лабораториялык изилдөлөрдүн негизинде оору аныкталды. Калган 7 адам медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө. Күнүнө дене таптары ченелип тиешелүү дары-дармектерди кабыл алышууда.

Андан сырткары малды сойгон, этти бөлүштүргөн, жеген деген күмөн менен 288 адам каттоого алынды. Учурда бул жарандар дагы көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле, ооруну таратуучу катары, ветеринардык эрежелерди так сактабагандыгы үчүн мал ээсине айып пул салынды. Эгерде абал туруктуу болуп, жаңы оорунун учуру катталбаса 18-августта карантинге алынат. Азыркы учурда, аймактан адамдардын, бодо малдардын, азык-түлүктөрдүн кирип чыгуусу убактылуу токтотулган.

Атайын жылына пландуу түрдө жазында жана күзүндө эмдөө жүргүзүлүп келет. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатка вакцина сатылып алынып, айыл-аймактардагы малдын санына жараша ветеринария кызматкерлерине таратылат.

Негизинен, республика боюнча  бүгүнкү күндө 558 сибирь жарасынын очогу катталган жана айыл өкмөттөрдүн каттоосуна алынган. Аталган айыл-аймактарында жылына эки жолу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул иштерден кийин очоктон ооруну козгоочулардын саны туурасында лабораториялык изилдөөлөр өтөт.

Көпчүлүк учурда, оору күз мезгилинде орун алат. Жаан-чачындын токтошу, күндүн ысышы, чөптөрдүн кургашы ооруну козгоочу бактериялардын көбөйүшүн шарттайт. Ветеринардык мыйзамга ылайык, мал ээлери жылына эки жолу малдарын эмдөөдөн өткөрүүгө милдеттүү. Өз убагында вакцина колдонуу менен гана биз бул илдеттердин алдын-ала алабыз.

Базардан эт сатып алууда биринчиден эттин тиешелүү документтерин талап кылыш керек"-, Чыңгыз Романов.